2020-жылдын 4-октябрынан тарта САПтын жашоочулары үчүн умра кылууга уруксат берилет

Сауд Араб Падышачылыгынын  бийлиги 4-октябрдан баштап умра жана Аль-Харам мечитине баруудагы чектөөлөрдү акырындап алып салуу иши  баштала тургандыгын жарыялады. Бул туурасында кечээ, 22-сентябрда Саудия Кабар Агенттиги (وكالة الأنباء السعودية) маалымдады.  Чектөөлөр дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 илдетин алдын алуу максатында киргизилген.

Умра кылуу жана ыйык Аль-Харам мечитинде намаз окуу үчүн Ажылык жана Умра министрилиги иштеп чыккан мобилдик тиркеме аркылуу каттоодон өтүү талап кылынат.

Бул тиркеменин максаты саламаттык сактоо министрлиги жана тийиштүү тараптардын бекиткен  санитардык эрежелеринин сакталуусун ишке ашыруу. Тиркеме умрачылардын жана зыяратчылардын профилактикалык жана санитардык талаптарды сактоосу, ошондой эле беткап кийүүгө, аралыкты сактоого жана бири-бирине жакындабоосун көзөмөлдөө максатында  даярдалган.   

Каттоодон кийин ага уруксат   берилгендиги жөнүндө маалымдама келет. Андан соң жаран автобекетке барып, ал жерден дене табын өлчөтүп, бардык санитардык талаптарды сактагандан кийин автобус менен Аль-Харам мечитине кире турган жерге жеткирилет.

САПтын ажылык министрлиги чектөөлөрдү 4 этапта алып салууну пландаштырууда:

1 этап 4-октябрдан тарта;

Биринчи этапта Сауд Араб  Падышачылыгынын жашоочуларына умра кылууга уруксат берилет, бирок күнүнө 6 миң адамдан ашпоосу талап кылынат. 

2 этап 18-октябрдан тарта;

Экинчи этапта 15 миңден ашпаган адамга гана умра кылууга уруксаат берилет. Ошондой эле ыйык Аль-Харам мечитине күнүнө 40 миң адам  намаз окууга жана Набави мечитиндеги Рауза Шарифти зыярат кылууга  болот.

3  этап  1-ноябрдан тарта, бирок ал өлкөнүн эпидемиологиялык абалына жараша болот.

Үчүнчү этапта жергиликтүү жана чет элдик зыяратчыларга умра кылууга уруксат берилет.  Бирок күнүнө 20 миң адам умра кыла алмакчы. Ал эми 60 миң адам Аль-Харам мечитинде намаз окуй алышат.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!

— Үчүнчү этапта умра кылууга уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси кийинчерээк ал өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга жараша жарыяланат! Ошондуктан, биз кыргызстандыктар, бардык санитардык талаптарды так сакташыбыз керек.

 4 этап

Пандемияны жеңгенден кийин  чектөөлөр толугу менен алынат.