Майлуу-Суу шаарынын имамдары ишембиликке чыгышат

Бүгүн, 23-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков шаардын карамагындагы мечит-намазканалардын имамдарына жыйын өткөрдү.

Жыйында бир топ маселелер каралып, айрыкча дин кызматкерлерин шайлоого карата үгүт иштерине аралашпоону эскертти.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын  25-сентябрында Майлуу-Суу шаары боюнча өткөрүлүүчү жалпы шаардык ишембиликке бардык имамдар катышып, жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Соңунда Муфтият тарабынан берилген Ыйык Куран китеби ар бирине таратылып берилди.