Мухаррам айынын пазилети жана өкүмү

        Алла Таала он эки айды жаратып,  алардын ичинен төрт айын кадырлуу, улуу, берекелүү   катары өзгөчөлөгөн. Бул берекелүү ай тууралуу Аллах Таала Куранда мындай деп айткан:

إِنَّ عِدَّةَ الشُّهُورِ عِندَ اللَّهِ اثْنَا عَشَرَ شَهْرًا فِي كِتَابِ اللَّهِ يَوْمَ خَلَقَ السَّمَاوَات وَالأَرْضَ مِنْهَا أَرْبَعَةٌ حُرُمٌ ذَلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ فَلاَ تَظْلِمُواْ فِيهِنَّ أَنفُسَكُم ……

Котормосу: “Чындыгында, асмандар менен жерди жараткандан бери Аллахтын Китебинде айлардын саны – он эки. Булардын төртөөсү Зулкаада, Зулхиджа, Мухаррам, Ражаб – ыйык айлар. Мына ушул (Ислам) бекем дин. Ушул айларда өзүңөргө зулумдук кылбагыла…” ( Тавба 36).

Ал эми  Мухаррам айы Ислам жыл  сынагы боюнча биринчи ай болуп саналат. Тагыраак айтканда, ислам жылы мухаррам айынан башталып, аягы зул хижжа айы менен бүтөт. Хижри жылы -деп Пайгамбарыбыздын (соллоллооху алайхи васаллам) мезгилинде эмес, Умардын (розияллооху алайхи) мезгилинде, сахабалардын кеңешинен кийин айтыла баштаган. Анткени, ага чейин арабтар хижри жылын ар кандай аттар менен атап келишкен. Ал эми Ислам айларынын аттары жана анын тартиптери Пайгамбарыбыздын (с.а.в) мезгилинде эле эмес, илгертен эле айтылып келген.

Умардын (р.а)  мезгилинде, сахабалардын жыйынында  хижри жылынын башталуу датасын аныктоо жөнүндө маселе коюлганда,  сахабалар  ар түрдүү пикирлерин айтышты. Кээ бири  Пайгамбарыбыздын (с.а.в) төрөлгөн күнүнөн дешсе, кээ бири  пайгамбарчылык берилген убактысынан деп, кээ бири Мадинага хижра кылган күнүнөн ж.у.с. ар кандай сунуштарын беришти. Натыйжада, сахабалардын кеңешинин негизинде,  Пайгамбарыбыздын (с.а.в) Мадинага хижра кылган айдан башталуусу хижрий жылынын алгачкы жылы болсун деген чечим кабыл алынды . Ошонтип Пайгамбарыбыз (с.а.в) Мадинага көчкөн жыл хижрий жылынын алгачкы жылы болуп саналды. Ал эми мухаррам айы болсо илгертен эле жылдын биринчи айы болуп келген. Бул айдын онунчу күнү Ашура  деп дагы айтылат. Анткени, бул күн Алла Таала рахматын жана берекесин түшүргөн күн. Ислам дини келгенге чейин бул күнү ороз кармоо парз эле. Качан рамазан айында орозо кармоого өкүм келгенде бул күнү орозо кармоонун өкүмү жоюлду. Бирок, Пайгамбарыбыз (с.а.в) бул күнү орозо кармоону сүннөт катары эсептеди.

عن ابي هريرة  رضي الله عنه سئل : أي الصلاة أفضل بعد المكتوبة ؟ و أي الصيام أفضل بعد شهر رمضان ؟ أفضل الصلاة بعد الصلاة المكتوبة الصلاة  في جوف الليل . و أفضل الصيام بعد شهر رمضان  صيام شهر الله المحرم

Котормосу: Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыздан (с.а.в): “Парз намазынан кийин эле эң жакшы  кайсы намаз жана рамазан айында кармалган орозодон кийин кармалган кайсы орозо жакшы?” – деп сурашканда Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: “Парз намазынан кийин эң жакшы намаз түн ичинде окулган намаз, ал эми рамазан айында кармалган орозодон  кийин эле эң жакшы орозо мухаррам айында кармалган орозо” – деди (Муслим. Х.1163).

عن عبد الله بن عباس رضي الله عنهما : من صام يوم عرفة كان له كفارة سنتين و من صام يوما من المحرم فله بكل يوم ثلاثون يوما

Котормосу: Абдуллох ибн Аббастан (рахм.ал)  риваят,  Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: “Ким арапа күнү орозо кармаса, ал анын эки жылдык ( кичине) күнөөсүнө каффаара болот, ал эми ким мухаррам айында орозо кармаса, анын кармаган ар бир күнүнө  отуз күндүк орозонун сообу берилет” (Таргиб ва тархиб 2/46)

عن ابي قتادة رضي الله عنه ان النبي صلى الله عليه وسلم قال صيام يوم عاشوراء احتسب على الله ان يكفر السنة التى قبله

Котормосу: Абу Катададан (р.а.)  риваят Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:  “Эгерде ким ашура күнү орозо кармаса, мен  анын мурдагы бир жылдык күнөөсүнүн кэчирилишин Аллахтан үмүт кылам” (Муслим 1/367).

Пайгамбарыбыз (с.а.в) Ашура күнү орозо кармайт эле жана башкаларды дагы кармаганга буюрат эле. Бирок Пайгамбарыбыз (с.а.в)  каза болуудан мурда: ” Мухаррамдын онунда  биз дагы орозо кармайбыз жана яхудийлер (жөөттөр) дагы орозо кармайт, андыктан мен кийинки жылы жашасам, аны (Ашура күнү) менен кошо (мухаррамдын) тогузун же он бирин дагы кошо кармаймын” — деп айтты эле. Бирок, кийинки жылы Ашура күнү келгенге чейин Кудайдын буйругу менен Пайгамбарыбыз (с.а.в)  дүйнөдөн кайтты. Сахабалар Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) айткан сөзүнө амал кылышып, Ашура күнүнө (мухаррамдын) тогузун же он бири күнүн да кошуп орозо кармай башташты. Мына ушунун негизинде  аалымдарыбыз Ашура күнүнө тогузун же он бирин кошуп орозо кармоону мустахаб (аткарганга сооп, аткарылбаса күнөө эмес) деп чечим кабыл алышты. Белгилей кетүүчү нерсе, бул Ашура күнү эле орозо кармаганга болбойт деген түшүнүк эмес, албетте болот. Бирок ага  тогузун же  он бирин (11)  кошуп кармоо мустахаб (жакшыраак) . Ал эми азыркы айтылган Ашура күнү эле орозо кармаса болобу же болбойбу деген  маселеде аалымдарыбыздын ортосунда кичине талаш  бар: Кээ бири макрух танзихи десе, кээ бири эч нерсе болбойт дешет. Бирок, көпчүлүк аалымдарыбыз жана имамдарыбыз эч нерсе болбойт деп айтышат. Ошондуктан, ким Ашура күнүнө башка күндү кошуп орозо кармаса анда жакшыраак болуп саналат, ал эми ону күнү эле орозо кармаса деле болот жана ага орозонун сообу берилет бирок, макрух эмес.

و كره بعضهم صوم يوم عشوراء وحده لمكان التشبيه باليهود و لم يكرهه عامتهم لانه من ايام الفاضلة فيستحب استدراك فضيلتها بالصوم ( بدائع الصنائع كتاب الصوم صوم الوصال 2/218)

Котормосу: Кээ бирлер яхудийлерге окшош болуп калбоо үчүн,  Ашура күнү эле орозо кармоону макрух деп жазышкан. Бирок  жалпы аалымдар  аны макрух деп айткан эмес. Себеби, Ашура күнү улук күндөрдөн. Ошондуктан ал ошол күндүн кармаган орозосунун сообуна ээ болот. ( Бадаи у Снаиь2/218)

و قد عد في در المختار صوم عاشوراء وحده من مكروه تنزيها اى مفردا عن التاسع او عن الحادى عشر و لاكن قال صاحب البدائع و كره بعضهم صوم يوم عشوراء وحده لمكان التشبيه باليهود و لم يكرهه عامتهم لانه من ايام الفاضلة فيستحب استدراك فضيلتها بالصوم (فتح الملهم كتاب الصوم باب صوم يوم عاشوراء 3/146

Котормосу: “Албетте, Дурр ул Мухтар китебинде Ашура күнү эле орозо кармоо макрух танзихи делген. Бирок Бадаь китебинин автору ага жооп катары мындай деп айткан: “Кээ бирлери яхудийлерге окшош болуп калбоо үчүн  Ашура күнү эле орозо кармоону макрух деп жазышкан. Бирок  жалпы аалымдар  аны макрух деп айткан эмес. Себеби Аьшуро күнү улук күндөрдөн. Ошондуктан ал ошол күндүн кармаган орозосунун сообуна жетет”.(фатх ул М улхим Китабус сом 3/146)

Ал эми Анвар шах Кашмири (р.а)  Ашуранын  үч көрүнүшүн жана макру танзихи деп айткан аалымдарыбызга жооп катары баяндама  жазган.

و حاصل الشريعة : أن الأفضل صوم عاشوراء و صوم يوم قبله و بعده ثم الادون منه صوم عاشوراء مع صوم قبله  او بعده ثم الادون صوم يوم عاشوراء فقط. و ثلاثة عباداة عظمي و اما ما في الدر المختار من كراهة صوم عاشوراء منفردا تنزيها فلا بد من التأويل فيه أي أنها عبادة مفضولة من القسمين الباقيين ولا يحكم بكراهة فانه عليه الصلاة والسلام صام مدة عمره صوم عاشوراء منفردا و تمنى ان لو بقي الى المستقبل صام يوما معه ( العرف الشذي شرح سنن الترمزي 2/177)

Котормосу: “Бул үч көрүнүштүн биринчиси даража жагынан эң жакшысы, ал эми экинчиси андан төмөнүрөөк ал эми үчүнчүсү андан дагы төмөнүрөөк.  Ал эми  Дурр ул мухтаар китебинде Ашура күнү эле орозо кармаса макру танизхи деп айтылган. Бул маселени  ойлонуп изилдеп кароо керек. Ошондуктан, макрух деп айтууга өкүм кылынбайт. Анткени, Пайгамбарыбыз (с.а.в)  өмүр бою Ашура күнү  эле орозо кармаган, бир гана келерки жылга үмүт кылды, эгерде Пайгамбарыбыз (с.а.в)  кийинки жылы тирүү болгондо  аны менен  бир күн кошо орозо кармайт эле” (Ал урфу шаззи шарху тирмизи 2/177)

 Ал эми Ашуро орозосун кармоонун үч эрежеси.

  1. 9,10,11- үч күн орозо кармайт.
  2.  9,10,же 10,11- орозо кармайт.
  3.  10- күнү орозо кармайт

Даярдаган: КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Имарали уулу Махамадали