Лейлек районунун имамдарына санитардык эрежелерди так сактоо зарылдыгы эскертилди

Бүгүн, 23-сентябрь күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы мечиттерде санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алуу максатында Лейлек районунун баш имам хатиби жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте мечиттерде текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда мечиттердин тазалыгына, санитардык сактык эрежесин сакталышына басым жасалды.

Мечит имамы менен болгон жолугушууда Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев пандемия шартында Лейлек районунда вирус жуктургандар көп катталып жатканын белгилеп, эпидемиологиялык абал толук турукташа электигин эскертти.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Баткен облустук мусулмандар казыяты  мечиттерде санитардык эрежелерди так сактоо боюнча имамдарга бир катар тапшырмаларды берген эле.