Араванда мечит имамдарына жыйын өткөрүлүп, 944 даана Ыйык Куран китеби тапшырылды

Кечээ, 23-сентябрь күнү Ош облусуна караштуу Араван районунун борбордук мечитинде районго караштуу мечит имамдарына жыйын өткөрүлүп, анда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу, парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын үгүт иштеринен оолак болуу, нике журналдарын туруктуу колдонуу жана айлык отчетторду толук өз убагында тапшыруу маселелери каралды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казыятынын курулуш жана мечит адиси Абдималик Турсунбеков, казыяттын иш башкарма башчысы Раушан Жеңишбек уулу, Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

«Жыйында ишине кайдыгер караган имамдарыбызга чара колдонулаарын эскерттик. Ооба, чындыгында акыркы убактарда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алды. Имамдардын бул жаатта түшүндүрүү иштерин алып баруусу боюнча тапшырмаларды бердик», — деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Жыйындын аягында КМДБ тарабынан келген Ыйык Куран китептери ар бир имамга 8 даанадан тапшырылды.

Ушуну менен Ош облусунун дээрлик бардык аймактарына Муфтият тарабынан 8492 даана келген Кереметтүү Куран китептери тапшырылып бүттү. Алар райондорго төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  1. Араван району — 944
  2. Алай району — 424
  3. Кара-Кулжа району — 488
  4. Кара-Суу району — 1776
  5. Ноокат району  — 2040
  6. Өзгөн району  — 1224
  7. Чоң-Алай району — 472