Талас облусунда Ислам дининин асыл баалуулуктарына арналган отурум болду

Кечээ, 23 — сентябрда Талас областтык администациясынын жыйындар залында Юстиция министрлигинин  алдындагы Пробация департаменти тарабынан “Ислам дининин  баалуулуктары жана  туура эмес агымдар  терроризм,  экстремизм” деген темада отурум болуп өттү.

Ага Талас областтык казыятынын иш башкармалыгынын башчысы Медер ажы Сагынбаев, мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө Медер ажы Сагынбаев  ислам дининин асыл баалуулуктарына токтолуп,  айрым күчтөр тымызын иш алып бара жатканына белгилеп, экстремизм, терроризм менен күрөшүүдө дин кызматкерлери тынымсыз иш алып барганына токтолду.

«Чыныгы мусулман адам башка бирөөгө тилинен дагы колунан дагы зыян келбейт. Тилекке каршы  биздин мамлекетте  айрым күчтөр эл арасына бузукулуп кылгандар бар. Биз аларга каршы туруп, элибиздин диний сабаттуулугун жоюуда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз»,-деди Медер ажы.