Азирети Муфтий “Хадистерди интерпретациялоо көйгөйлөрү: Исламга болгон мамиленин көп түрдүүлүгү” аталышындагы онлайн коференцияга катышууда

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Россия мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Хадистерди интерпретациялоо көйгөйлөрү: Исламга болгон мамиленин көп түрдүүлүгү” деген аталыштагы онлайн Эл аралык конференцияга катышууда.

Иш-чарага Россия, Түркия, Казакстан, Тажикстан, Малайзия жана башка мамлекеттин муфтийлери катышууда.

Онлайн конференцияда  хадис илиминин адабиятын талдоо, хадистерди илимий жана теологиялык жактан текшерүү ыкмалары: өз ара аракеттенүүнүн келечеги, хадисти чечмелөөнүн заманбап теологиялык методдору жана ушул хадиске байланыштуу илимий маселелер талкууга алынды.

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев пандемия шартында онлайн конференциянын катышуучуларына өз баяндамасын жасап, хадистердин Ислам дининдеги асыл баалуулуктарына токтолуп, бул жаатта тажрыйба алышып, кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.

Онлайн конференциянын жыйынтыгында өз ара кызматташуу боюнча иш-чаранын катышуучулары резолюция кабыл алышмакчы.