Түп айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында жаңы мечиттин курулуш иши толук аяктап, эл кызматына берилди. Мечиттин ачылыш аземине облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков өзү катышып, анын ачылышы менен жергиликтүү элди куттуктады.

«Мечит Жараткан Аллах Тааланын үйү. Элибизди ар кандай терс багыттагы диний агымдардан оолак болууга үндөп, жаштарыбызды ыйманга, адеп-ахлакка чакыруубуз зарыл»,-деди Сагындык ажы.

Ал эми Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев:

“Мечиттин ачылышы жалпыбызды кубандыра турган жана жаштарыбыздын ыйман чөйрөсүндө таалим-тарбия алып, тарбияланышына  болгон бир чон кадам”,-деди Кайкиев.