Алексеевка айылындагы мүрзөнүн айланасы темир тосмолор менен тосулду


Чүй облусунун Жайыл районундагы Алексеевка айылындагы мүрзөнүн айланасы темир тосмо менен тосулуп, таштандыдан тазаланды. Бул иш-чара айыл имамы Аскарали Акбутаевдин демилгеси менен ишке ашырылган.

Жалпысынан бул ишке Алексеевка айылынын тургундары өз ыктыяры менен 300 000 сомдон ашуун каражат чогултушкан. Ал эми «Алымкул» мечитинин жааматы ашар жолу менен көрүстөндүн айланасын тосушкан.

«Кудай Тааланын жардамы менен ишибиз аягына чыкты. Адам баласы тирүү кезинде кандай сый-урматка ээ болгон болсо, көзү өткөндөн кийин да сыйга ээ болот. Мындай кылып мүрзөнүн айланасын тоспосок ит-куш аралап, кээ бир адамдар малдарын жайып, тебелеп-тепсеп жатышат. Салым кошкон ар бир жаранга ыраазычылык билдиребиз. Кудайым ыраазы болуп, бардыгыбыздын кабырларыбызды нурлуу кылсын», — деди айыл имамы Аскарали Акбутаев.