Убайдулла ажы Сарыбаев: Чек ара кызматында болуу кандай гана сооп иш

Кечээ, 23-сентябрь күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев №36806 аскер бөлүгүндө «Тартип жана Ыйман» деген темада өз баяндамасын жасады. Анда чек араны кайтаруу соопту амал экенин баса белгилеп, алардын иштерине ийгиликтерди каалады.

«Чек арада күзөттө турган көз тозок отун көрбөйт. Сиздердин кызматыңыздар жоопкерчилиги оор болгон кызмат болуп, сообу да ошого жараша таразада оор болот. Анткени тынчтык болсо, ибадат болот. Кыргызстанда канчалаган жакшылык иштер жасалып жаткан болсо, ал иште сиздердин да салымыңыздар чоң. Канчалаган жакшылык иштерге себепчи болуу менен бирге акыретке да сооп топтоп жатасыздар»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев. 

Жыйынга Ош гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлү, Жоокерлер Энелери Республикалык комитетинин төрайымы жана аскер кызматкерлери катышты. Иш-чара санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.