Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде атайын аялдар үчүн намаз окуучу бөлмө ачылды

Ош шаарынын Борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинин жанында атайын аялдар үчүн толук шартка ээ болгон намазкана ачылды.

Намазканага сапардагы жана мечитке жакын жердеги ишканада эмгектенген аялдар санитардык эрежелерди сактоо менен намаз окууга  келсе болот. 

«Борбордук мечит болгондуктан намазкана сурап келген аялдар үчүн шарт жок болгондуктан, аялдардын диний окуу борборуна кирип, намаз окушчу. Берешен инсандардын жардамы менен мечиттин жанына бардык шарты бар намазкана куруу насип болду»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Айта кетсек, намазкананын курулуш иштерин уюштурууда  «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинин имамы Мырза кары Осмонов кызматта болуп, курулуш иштерине кеткен каражатты демөөрчүлөр каржылаган.