Ак-Дөбө аймагынын эли айылдашынын үйүнүн курулуш ишине 70 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүштү

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыковдун демилгеси менен Ак-Дөбө участкасынын жашоочулары жардамга муктаж үй-бүлөгө колдоо көрсөтүштү.

Ал үй-бүлө там салып, бирок чатырын жабууда акчалары жок болгондуктан жергиликтүүлөр курулуш иштерине 70 миң сомдук жардам көрсөттү. Үйдүн чатырын жабууда айыл эли дагы кол кабыш кылышкан.

“Ак-Дөбө участкасынын жамааты ынтымакчылык менен айылдашыбызга жардам колун узатып, үйдүн чатырын жабууда акчалай жана кол кабыш кылуу менен көмөк көрсөтүштү. Суук түшкөнгө чейин үйүн жылуулап кирип алышына да жардам беребиз. Бул үй-бүлөгө акчасы менен кол күчү менен жакшы сөзү менен жардам берген бардык жердештерге ыраазычылык билдиребиз”,-деди баш имам хатиб.