Ош шаарындагы «Имам ат-Тирмизи» мечитинде заманбап даараткананы куруу иштери башталды

Ош шаарынын казыят кызматкерлери Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби менен биргеликте «Амир-Темир» муниципалдык аймактык башкармалыгындагы «Имам ат-Тиримзи» мечитин зыярат кылды. 

Анда мечиттин азыркы абалы менен жакындан таанышып, аткарылбаган иштерди толуктоо тапшырмасы берилди.

  1. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине мечиттин обьектисин пайдаланган учур катталган жок;
  2. Видеокөзөмөл бар; (дагы да күчөтүү тапшырмасы берилди)
  3. Жаназа үчүн керектелүүчү буюмдар бар; 
  4. Даараткана кичине болгондуктан, заманбап тартипте жаңы даараткана курулууда;
  5. Мечиттин тазалыгы талапка жооп берет; 
  6. Санитардык эрежелерди сакталган;
  7. Мечиттин оңдоп-түзөө иштери жогорку деңгээлде;
  8. Никеге каттоо журналына учурда 9 нике жазылган;
  9. Имамдын бөлмөсү бар. (компьютер, принтер орнотуу тапшырмасы берилди)​​​​

«Жумага келген элдер үчүн колдон келген шарттары түзүп жатабыз. Өзгөчө санитардык эрежелер боюнча бир канча эскертүүлөрдү айтып, аралыкты сактоо менен намаз өз убагында окулууда. Жумага келген жамаат үчүн заманбап даараткана куруу ишин жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен баштап да алдык»,- деди мечит имамы Исмаилов Хурматулло.