Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ӨКМ кызматкерлерине «Тартип жана Ыйман» деген темада өз баяндамасын жасады

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарындагы ӨКМ кызматкерлерине «Тартип жана Ыйман» деген темада өз баяндамасын жасап, аларга дем күч жана руханий байлык катары акыл-насаатын айтуу менен бирге алардын шарият боюнча кызыктырган суроолоруна жооп берди. 

«Башка кызматта иштеген адамдар үчүн  5 же 10 минута иш убактысы канчалык маанилүү болсо да, сиздер үчүн 5 же 10 минута адам өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Адам өмүрүн саткап калууда себепчи болгон адам катары эмгектенип жатканыңыздар үчүн шүгүр келтириңиздер. Анткени сиздерге канчалаган үй-бүлөлөр дуба кылып, ыраазы болуп келүүдө»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Иш-чарага Ош гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлү, Жоокерлер Энелери Республикалык комитеттин төрайымы жана ӨКМ кызматкерлери катышты. Иш-чара санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.