Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу жалпы мечиттеринин абалы менен жеринде таанышты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу райондун жалпы мечиттеринин абалы менен жеринде таанышты.

Анда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Саламат Жолдошев менен биргеликте райондогу имамдар менен жолугушуп, ар бир мечиттин ал-абалы менен жеринде таанышты. 

“Учурдагы кырдаалдан улам Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, мечиттерде санитардык сактык эрежелери канчалык деңгээлде сакталышы, мечиттердин тазалыгы текшерүүгө алынды»,-деди Талантбек Акылбек уулу.

Мындан тышкары ар бир айылдын  эли менен жолугушуп, ынтымак, биримдик, сабырдуулук туурасында баяндамасын жасап, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.