Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кызматкерлери дипломатиялык академиянын 10 күндүк окуу курсунан өтүшөт

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кызматкерлери КР Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академияда 10 күндүк окуу курстан өтүшөт. Эки тараптуу кызматташуу келишимине бүгүн, 28-сентябрда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова кол коюшат. Окуу курсу эки тараптуу кол коюлган күндөн тарта башталып, анда дин кызматкерлери  аймактагы, дүйнөдөгү саясий процесстер тууралуу маалыматтарды алышмакчы.

Муну менен катар:  

  • Заманбап эл аралык мамилелер
  • Ааламдык маселелер
  • Маалымат ситемасы
  • Дипломатиянын теориясы жана заманбап дипломатиялык системасы

Окуу курсу аяктаган соң Дипломатиялык академиянын сертификаты берилет.