Сүлүктүдө имамдарга өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча маалымат берилди

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын 2018-жылдын 19-июлдагы №337 буйругун ишке ашыруу максатында Сүлүктү шаардык хатибияты  имамдар үчүн өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча  Сүлүктү шаардык өрткө  каршы куткаруу кызматы менен  биргеликте түшүндүрүү маалыматтык жыйын өткөрдү. Иш-чара кечээ 2-августа өтүп, ага Сүлүктү шаардык №52 өрткө каршы куткаруу бөлүмчөсүнүн башчысы Абдиназаров Исрайил Калдыбаевич, Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Артык Мадаминов жана шаардагы бардык имамдар катышты. Жыйында өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча бир катар маалыматтар айтылып, имамдардын суроолоруна адистер жооп беришти. Ошондой эле баш имам хатиб имамдарга аталган буйрукту ишке ашыруу боюнча имамдарга тапшырмаларды берди.