Азирети Муфтий өрттүн келип чыгышын алдын алуу боюнча буйрук чыгарып, мечит жана медреселерде машыгууларды  өткөрүү тапшырмасын берди

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук казыяттар, райондук хатибияттар жана мечит, медреселер өрт коопсуздугун алдын алуу максатында №337 буйругун чыгарды.

Буйрукта:

-Өрттү болтурбоо үчүн жеткиликтүү аракеттерди көрүү

-Кургак жайлардын айланасын тазалоо

-Өрт өчүрүүчү унаалардын тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарттарды түзүү

-Өрт өчүрүүчү каражаттарын, өрт коопсуздук текчелерин орнотуу жана керектүү жабдыктардын болуусун камсыздоо

-Ыктыярдуу кошуундарды түзүү каралган.

Муну менен катар буйрукта элдик кошуундар жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча машыгууларды, сабактарды жана түшүндүрүү иштерин өткөрүү каралып, ӨКМ жана өрт өчүрүү кызматтары менен биргеликте иш алып баруу тапшырмалары камтылган.