Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Нурсел Өзтүрк менен жолугушту

Бүгүн, 29-сентябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Нурсел Өзтүрк менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында Убайдулла ажы Сарыбаев эки элдин ынтымагы, достук алакасы тууралуу айтып, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуулугуна токтолду.

“Кыргыз-Түрк алакасы мурун кандай болсо азыр дагы ошол бойдон. Эки элдин карым-катнашы, достук алакасы дайым бекем болушун Жараткан Алла Тааладан тилеп, дуба кылабыз. Дин жаатында мындан аркы кызматташтыгыбыз бекемделип, кандай гана кызмат болбосун иштешүүгө даярбыз»,-деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Маалым болгондой, Нурсел Өзтүрк буга чейин Түркиянын Орду облусунда казылык кызматты аркалап келген. Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси болуп иштегенине бир нече гана ай болгон.