Иброхимжон Хайиткулов Кадамжай районунун баш имам хатиби болуп дайындалды

Баткен  облустук мусулмандар казыятынын Кадамжай  районунун баш имам хатиби болуп Иброхимжон ажы Хайиткулов  дайындалды. Тиешелүү буйрукка Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов  кол койду.

Хайиткулов Иброхимжон Исмоилович 1975-жылы Өзбекстан Республикасынын Фергана облусуна караштуу Каптар-Хана айылында туулган.

1980-жылы Ош облуснун Фрунзе (азыркы Кадамжай) районуна караштуу Көк-Талаа айылына отурукташып, айылдагы Т.С.Титов атындагы орто мектепте окууну аяктаган. 1993-жылы Ош шаарындагы  «Абдужапар» атындагы медресесине диний билим алуу үчүн тапшырып, 1998-жылы бүтүргөн.

Ал эми 2017-жылдан бери  Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагына караштуу «Умар ибн Хаттаб» мечитинде имам хатиб кызматын аркалап келген.

Эскерте кетсек, буга чейин Кадамжай районунун баш имам хатиби кызматын Шакиржан ажы Маматов аркалап келген. Ал өз ыктыяры менен жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.