Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев шаардагы №703 аскер бөлүгүндө «Тартип жана ыйман» деген темада өз баяндамасын жасады

Кечээ, 29-сентябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев шаардагы №703 аскер бөлүгүндө «Тартип жана ыйман» деген темада баяндамасын жасады. 

Иш-чарада Убайдулла ажы Сарыбаев жоокерлерди мекенди коргоодо татыктуу кызмат өтөөгө чакырып, алардын шарият боюнча кызыктырган суроолоруна жооп берди.  

«Кызмат орунга кыянтык кылбоо, жоопкерчиликтүү болуу жана буйруктарды так аткарууда тартипке баш ийүү менен Аллахтан коркуп жалган сүйлөбөстүк эң чоң жардам болот. Сиздердин кызмат сооптуу иштердин бири экендигин ар бир лекцияларыбызда айтып келүүдөбүз. Мына ошол сооптуу ишке татыктуу болуп, таза кызмат өтөңүздөр»,-деди Убайдулла ажы Сарыбаев.