Полевой айылында жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди


Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Васильевка айыл өкмөтүндөгү Полевой айылында жаңы заманбап мечит ачылып, жалпы элге пайдаланууга берилди.

Заманбап салынган мечит «Ас-Санабил» кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, 200 орунга ылайыкташкан. Мечит менен кошо жаш өспүрүмдөрдүн таалим-тарбия алышына да ылайыкталып, эки бөлмөлүү чакан окуу корпус курулду.

Бул соопту иш-чаранын ачылыш аземине аталган фонддун өкүлү Доктор Мухаммад Маазы, КМАКтын мүчөсү Тажидин ажы Байтеитов, Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов, жергиликтүү бийлик өкүдөрү жана жалпы жааамат катышышты.

«Жер бетиндеги жайлардын эң жакшысы – бул мечит. Мечиттен адам баласынын тарбиясы, ыйманы бекемделет. Дубалар кабыл болуп, бардык муктаждыктар орундалат. Ошондуктан, мүмкүн болушунча намаздарыбызды мечитте окуйлу. Мечит менен жүрөгү байлангандар Кыямат күнү Жараткандын Аршынын көлөкө астында болот. Мына ошентип айылга жаңы мечит курулду. Буюрса мечитти таза кармап, акысын толук берели. Курулушка салым кошкон ар бир жарандан Аллах ыраазы болсун», — деди Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов.