Бишкектеги «Ак Сана» мечитинин чатыры толугу менен жаңыланды

Бишкек шаардык казыятына караштуу «Ак Сана» мечитинин чатыры жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамында толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу мечиттин имам хатиби Нурмухаммад ажы Маматкулов билдирди.

Анын айтымында, мечиттин чатыры толугу баштан аяк жаңыланган. Айрыкча мечиттин куполасын орнотуу чоң мээнетти талап кылгандыгын баса белгилеп кетти. 

«Жергиликтүү жамаатыбыздын демилгеси менен мечитибиздин чатырын жаңылап алдык. Бардык жардам көрсөткөн мусулман бир туугандарга ыракматыбызды айтып, Аллах Тааладан тынчтык, амандык тилеп кетебиз. Мечит — бул Аллахдын үйү деп айтылат. Ким Аллахтын үйүнө жардам берсе, Аллах Таала ага жардам берсин»,- деди Нурмухаммад ажы.