Жалал-Абад облустук казыятында мамлекеттик органдардын катышуусунда отурум болду

Бүгүн, 30-сентябрда Жалал-Абад облустук казыятынын жыйындар залында мамлекеттик органдардын катышуусунда отурум болду.

Отурумга облус казысы Абдилазиз кары Закиров, КР ДИМКнын Жалал-Абаддагы өкүлү, КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси, КР УКМКнын Жалал-Абаддагы өкүлү, шаардык мэриянын өкүлү, Жалала-Абад ОИИБнин мүчөсү  катышты.

Анда өлкөдөгү түрдүү агымдардын жайылышы, чет мамлекеттерде диний багытта окуган студенттердин өздүгүн тактоо, мечиттерди толук каттоодон өткөрүү маселелери каралды.

“Чет өлкөлөрдө диний багытта илим алып жаткан студенттердин өздүгүн тактообуз зарыл. Себеби кайсыл өлкөдө билим алса биздин өлкөгө келгенден кийин ошол өлкөнүн менталитетин  (кийимин, жүрүм-турумун ж.б.) жайылтып жатышат. Мындан улам имамдарыбызга баяндама жасаган убагында 5 минутадан экстремизм жана терроризм боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу боюнча тапшырмаларды бергенбиз”-деди облус казысы Абдилазиз кары.