Бишкек казыятына караштуу аялдар борборлору текшерилүүдө

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт насаат, жаштар жана аялдар бөлүмүнүн адиси Султанали ажы Гапыров жана Бишкек шаардык казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Расулбек ажы Сариев менен биргеликте ордо калаадагы «Жал» аялдар окуу борборун текшерүүгө алышты.

Текшерүүнүн алкагында окуу борбордун шарттары жана окуу программалары карап чыгып, тиешелүү тапшырмалар берилди. 

«Учурда пандемияга байланыштуу көпчүлүк окуу жайлар иштерин аралыктан жүргүзүп жатат. Окуу борборлоруна эгер уруксат берилип калса алардын даярдык иштери канчалык? Ушундан улам алардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө алдык»,-деди Расулбек ажы. 

Белгилей кетсек, мындай текшерүү иши Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин жалпы казыларга берген тапшырмасынын алкагында ишке ашууда.