Баткен облусунун казысы имамдарга COVID-19 эпидемиясын алдын алуу чараларын күчөтүү тапшырмасын берди

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен облусунун аймагында COVID-19 эпидемиялогиялык кырдаал күч алып бараткандыгына байланыштуу имамдарды мечитерди, медреселерди жумасына 2 жолу дезинфекциялоо иштерин такай жүргүзүү жана мечитке келгендердин санитардык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.

Тапшырмага ылайык, облус аймагындагы имамдар аткарган иштери боюнча жума сайын облустук казыятка маалымат берип турушмакчы.

Эскерте кетсек, Республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, Баткен облусунда COVID-19 илдети менен катталган жаңы учурлар көп катталууда. Бүгүн, 1-октябрга карата аталган облуста 77 бейтап вирус жуктуруп алган.