Кадамжайда мечиттерди дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү

Баткен облуснун казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасын ишке ашыруу максатында жана КОВИД-19 эпидемиялогиялык кырдаал күч алып бараткандыгына байланыштуу Кадамжай районундагы мечит, медреселерде дезинфекциялоо иштери күчөтүлүп, алдын алуу чаралары башталды.

Кадамжай райондук хатибиятынын кызматкери Өскөнбай Кудайбердиевдин айтымында, 30-сентябрь күнү Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы жана Советский Кан айыл аймактарында мечиттер толук дезинфекцияланды.

«Мухаматкасым Ата» жана «Азрети Усман» мечити толук  залалсыздандырылды. Бүгүн, 1-октябрдан тарта бир катар мечиттерде залалсыздандыруу иштерин жүргүзүлдү. Ал эми ушул сыяктуу иш-чара бардык мечиттерде жүрүгүзүнү биз көзмөлгө алабыз. Ошондой эле имамдарга мечитке келгендерди санитардык эрежелерди сактоого чакыруудабыз»,- деди Өскөнбай Кудайбердиев.