Жалал-Абадда мечиттерди кышка карата даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди

Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Имам Бухарий” борбордук мечитинде Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков  шаардын аймагына караштуу имамдарга жыйын өткөрдү.

Жыйынга облус казысы Абдулазиз кары Закиров катышып, имамдардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгып, кыш мезгилине карата кышка даярдык иштерин азыртан баштоо тапшырмасы берилди.

“Ар бир мечит Алланын үйү болсо, ар бир мечитке келген адам Алланын коногу. Алланын үйүн таза, жылуу жана жагымдуу кармайлы. Мечитке келген адам жүрөгү ырахат ала  тургандай болсун. Жолоочуларга дагы ыңгайлуу шарттарды түзөлү”- деди облус казысы.

Соңунда Муфтият тарабынан берилген Ыйык Куран китептери имамдарга таратылып берилди.