Убайдулла ажы Сарыбаев: жокчулукта токчулуктун кадыры билинет


Ош шаарындагы «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларына калаанын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Ысырапкорчулуктун алдын алуу» деген темада өз баяндамасын жасады.

«Тынчтыктын, токчулуктун кадырын билүү керек. Жокчулукта токчулуктун кадыры билинет. Бирок анда кеч болгон болот. Өкүнүп калбаш үчүн, ысырапкорчулукка жол бербөөбүз керек. Ысырапкорчулуктун акыры жакшылыкка алып барбайт. Андыктан азыртан ыксыз чыгымдарга каражат сарптоонун ордуна сооп иштерге басым жасайлы», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 25-августунда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында имамдарга ысырапкорчулук алдын алуу баянча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген эле.