Жети-Өгүз районунун борбордук мечити толук оңдоп-түздөөдөн өтүп, кышка даярдык көрүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун борбордук  мечити толук оңдоп-түздөөдөн өтүп, кышка даярдык иштери башталды. Бул туурасында Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Акылбек Талантбек уулу билдирди.

Кызыл-Суу айылындагы райондук мечитинин абалы өтө начарлап, даараткана, ажатканасы толук иштен чыккан эле. Мындан улам хатибият демилге көтөрүп жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен бүгүнкү күндө мечит толук оңдоп-түздөөдөн өтүп, айланасы тосулуп, жылуу суу киргизилди”,- деди Талантбек Акылбек уулу. 

Мечиттерди оңдоп-түзөө, айланасын тазалоо жана кышка даярдык көрүү иштери район боюнча жалпы мечиттердин имамдарына тапшырма берилди. Муну менен катар ар жума сайын ишембилик өткөрүп туруу, санитардык талаптарды так сактоо боюнча милдеттендирилди.