Майлуу-Суу шаарынын имам хатиби карылар күнүнө карата акскалдардан кабар алды

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу — Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков Майлуу — Суу шаарында ушул жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин «Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук» аттуу бир айлыктын алкагында калаадагы карыялардан кабар алды.

Атап айтканда баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков 1926-жылы туулган Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Болуш Кадыркуловдон жана шаардын ардактуу аксакалы  1931-жылы туулган Тургунбай Султанбаев аксакалдын ал абалын жакындан сурап, үйүнө зыярат кылып келди.  

“Жылдан-жылга согуш ардагерлерибиз азайып бара жатат. “Карынын кебин капка сал” дегендей кутман карыяларыбыздын көзү тирүүсүндө санжыра, акыл-насаатын, унутулуп бара жаткан каада-салттарыбызды билип алышыбыз керек. Төрүбүздүн көркү болгон аксакалдарыбыз ар убакта аман болсун”,-дейт баш имам хатиб.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул датага карата өлкөдө түрдүү иш-чаралар белгиленип келет.