Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев баш имам хатибдерди кышка даярдык иштерин тездетүүгө чакырды

Бүгүн, 2-октябрда Талас облусунун казыятында кезектеги жыйын болуп өттү. Жыйынга Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев, казыят кызматкерлери жана баш имам хатибтер катышты.

Жыйын учурунда Таалай ажы Бапиев баш имам хатибтерге үгүт иштерине катышпоону эскертип, бир катар тапшырмаларды берди.

Алар:

   1. Мечиттердин документтерин тездик менен бүтүрүү.

   2. Шайлоодо үгүт иштерин жүргүзбөө.

   3. Санитардык талаптарды сактап, көзөмөлгө алуу.

   4. Ысырапкерчиликти алдын алууда эл менен тыгыз байланышта иштөө.

   5. Мечиттерди кышка карата даярдык иштерин жүргүзүү.

Соңунда айтылган тапшырмаларды тез аранын ичинде бүткөрүү милдеттендирилди.