КМДБнын Орусиядагы өкүлү Ступин районундагы «FM Logistic» ишканасынын кампасындагы кырсыктан жаракат алган мекендештерге барды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва облусунун «FM Logistic» логистикалык ишканасынын кампасында болгон кырсыктан жабыр тартып,  Ступино райондук борбордук клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан мекендештерибизден кабар алып, алардын ал-абалы менен жеринде таанышты.  Муну менен катар Сүйүмбек ажы Жусубалиев Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин саламын айтып, кырсыктан жабыр тарткандардын тез сакайып кетиши үчүн дуба, тилектер кылынып жаткандыгын билдирди.

«Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллам: «Мусулмандын мусулманга болгон беш акысы бар: Алардын биринчиси салам берсе, алик алуу, экинчиси чүчкүрсө, йархамукаллах деп айтуу, үчүнчүсү чакырган болсо баруу, төртүнчүсү ооруса зыярат кылуу жана бешинчиси дүйнөдөн кайтса, жаназасына качышуу”,- деп айтты”. (Сахих Бухари, Сахих Муслим). Ооруп жаткан инсандын көңүлдөрүн көтөрсөк, зыярат кылсак биз сооп гана табабыз»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

 КМДБнын  Орусиядагы өкүлүнүн айтымында мекендештерибиздин абалдары жакшырып, Жараткандын жардамы менен четинен сакайышууда.

«Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Мусулман адам өзүнүн ооруп жаткан мусулман бир тууганын зыярат кылган болсо, анда ал Бейиштеги мөмөлүү бактардын арасында болот. (Муслим) ”.

Эске салсак, 27-сентябрда Москва облусунун Ступин районундагы «FM Logistic» логистикалык ишканасынын кампасында көпүрө кулап, 51 жараныбыз жаракат алышса, төртөөнүн абалы оор экени айтылган.