![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/10/DSC_5241.jpg)
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди.
Азирети Муфтий жарандык милдетин Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №95 орто мектебиндеги №1063 шайлоо участкасында аткарды.
Добуш берип чыккандан кийин Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, эл журтка амандык, биримдүүлүк каалады.