Сузактын Мундуз айылындагы имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү авто унаа белеке берилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Мундуз айылында жайгашкан “Мундуз” мечитинин имам хатиби Бакытбек Шамшиевге жергиликтүү айылдын Орусияда эмгектенген жаштары чогулуп, өз ыктыярлары менен «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү авто унааны белекке беришти.

Бул унаа имамдын жигердүү иш аракети, элге жасаган ак кызматы, бир канча шакирттерди тарбиялап чыккандыктан берилди. Мекендештер унаадан ашкан акча каражатын дагы имамга тапшырган.

“Аллага чексиз шүгүрлөр, пайгамбарыбызга салам жана салаваттар болсун! Чынында мен уялып бир аз ыңгайсыз абалда турам. Балким бул белекке татыктуу эместирмин. Жердештерибиздин Алла жолунда берген белегин кабыл алуу менен, баарына эки дүйнө бактысын, тынч-амандыктарын каалайм”, деди Бакытбек ажы.