Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 5-октябрь – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Анда өлкөбүздөгү жалпы мугалимдердин анын ичинде КМДБнын алдында диний окуу жайлардын кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга талыкпас мээнет жана иштерине албан-албан ийгиликтерди каалады.

Ардактуу билим берүү кызматкерлери!

Ар бир кесип ардактуу, бирок мугалимдик кесип талыкпас мээнет, сабырдуулук жана туруктуулукту талап кылган өзгөчө кесип болуп эсептелет. Ыйык Курандагы алгачкы аят “Оку!” деп башталып, Ислам дининде билим алууга өзгөчө маани берилген. Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) өз сөзүндө —Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөткөн жана үйрөнгөнүңөр-деп баса белгилеген.

Мугалим бул байыркы кесиптердин бири болгондуктан анын орду бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу. Мугалим өзүнүн акыл топтому, көрөгөчтүгү, изденгичтиги жана жаш баладай назик көңүлүн, чыгармачылык кудуретин келечек муунга терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан. Ошондуктан бул кесип ар дайым чыдамкайлыкты, изденүүнү, чыгармачылык дараметти талап кылат. Андыктан коомго билимдүү, эмгекчил, мээнеткеч балдарды тарбиялоодо эмгегиңиздер бааланып, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн мыкты, билимдүү жаштар көп болсун.

Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, чыгармачылык эргүү жана эки дүйнөнүн бактылуулугун Жараткан Алла Тааладан сурайм. Дайыма коомубуз үчүн эң оболу ыймандуу, адептүү, билимдүү жана жаштарды билим уясынан учура бериңиздер.

Эскерте кетсек, өкмөттүн 2014-жылдын 24-октябрындагы Токтомуна ылайык, 5-октябрь жыл сайын Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет.