«Мугалим мөмөлүү дарак»

Бүгүн, 5-октябрь – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмү куттуктады.

 Жаратканга мактоолор, пайгамбарыбызга (САВ) дубай саламдар болсун.

«Оку! Жаратканыңдын аты менен Оку!» (Ъаляк-1) деп, окуу, билүү, таануу биз үчүн милдет экендигин буйруса, экинчи орунда «Билгин! Албетте, Аллахтан башка табынууга татыктуу Зат жок. Кемчилигиң үчүн Андан кечирим сура.  Өзүң үчүн эле эмес, момундар үчүн да кечирим сура. Андыктан Аллах бул дүйнө акыретиңерди да билет»  (Мухаммад-19) – деп билимдүү болууга, билим артынан Жаратканды да, жаратылгандарды да таанып билип, ар биринин өз акысын берүүгө буйруйт.

Ооба, ар бир адам өз алдынча илим-билимге ээ болуп, кат таанып алуусу татаал экендиги бышык. Анда, ал оор жоопкерчиликти ким мойнуна алат? Ким ишке ашырат?  Албетте мугалим! Пайгамбарыбыз (САВ) да мугалим болгондугун эскерип «Албетте мен силер үчүн мугалим болуп жиберилдим» (Бухарий) деп билдиргендей эле, бул орун жарыкчылыктагы эң сыйлуу кызматтардын жана эң барктуу орундардын бир катары саналат. Ошол эле учурда мугалимдик кесип аркылуу коом түзөлүп, өнүгүп өсүү жаралат. Андыктан кыргызда “Мугалим мөмөлүү дарак” деп айтылат эмеспи.

Урматтуу биздин диний окуу жайларда билим берүү менен алектенип келе жаткан агай, эжекелер! Сиздерди мына ушул кадырлуу кызматыңыздардын жана орду толгус зор эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, Жараткан Аллах Таала эселеп сообун берсин деген тилекти айткыбыз келет. Жасаган жооптуу ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө ынтымак, жашооңуздарга береке каалап, сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!     Майрамыңыздар менен!

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Диний окуу жайлар бөлүмү.