Замир кары Ракиев: Мугалимдер коомдун агартуучулары

Бүгүн, 5-октябрь күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев жалпы мугалимдердин, эл агартуучулардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: Урматтуу мугалимдер, устаздар жана жалпы эле эл агартуу кызматында эмгектенген мекендештер! Баарыңыздарды бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктап кетем. Мугалимдер- булар коомдун агартуучулары. Мугалимдердин аракет мээнети менен дүйнө танымыбыз, илим билимибиз өсүп-өнүгөт эмеспи.

Исламда «Илимдин эшиги» деген ат менен таанымал болгон Азирети Али (р.а) мындай деген: Ким мага бир тамга үйрөткөн болсо, ага өмүр бою кызмат кылууга даярмын. Анын сыңары биздин динибиз, илим билимге, устаздарга өтө терең маани берип, ар дайым мугалимдерди урматтап сыйлоого чакырып келген. Баарыңыздардын ишиңиздерге Аллахтан ийгилик каалап кетем.