Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев КИУнун окутуучуларына сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 5-октябрь – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү. Бул күнгө карата Кыргызстан Ислам университетинде чакан иш-чара өтүп, ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КИУнун ректору Абдышүкүр ажы Нарматов, окуу жайдын эмгек жамааты катышты.

Иш-чарада Жоробай ажы Шергазиев динибизди элибизге жайылтууда, элибиздин биримдиги, ынтымагы жана агартуу тармагында өз салымын кошкон бир катар окутуучуларга Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин “Ардак грамотасын” тапшырды.

Сыйлык тапшыруу учурунда Жоробай ажы окуу жайдын эмгек жамаатынын ишине ийгиликтерди каалап, Кыргыз элине ыймандуу, адептүү, билимдүү жаштарды тарбиялап жүрө беришине тилектештигин билдирди.