Бишкек шаарынын казысынын орун басары Кыргызстан Ислам Университетиндеги мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 5-октябрь күнү Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдер жамаатынын бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө мугалимдердин коомдогу орду өтө жогору экендигин айтып, төмөнкүлөргө токтолду: 

«Урматтуу устаздар, мугалимдик  деген ыйык кесипти аркалап келе жатасыздар. Аллах Таала күч-кубат жана мээнеткечтик насип эткен болсун. Мугалимдик кызматты аркалоо менен мечиттерде имамдык кызматын да аткарып келе жаткан устаздарыбыз бар. Алардын ары түйшүктүү, ары жемиштүү мээнеттерин буюрса Алла Таала акыретте акыларын эселеп берет. Биз да казыяттын атынан аз болсо да колдоо максатында өзүбүздүн ыраазычылыгыбызды билдирип коюуну туура көрдүк»- деди Эрназар ажы. 

Көп жылдан бери шаарда имамдык кызматты аркалап келе жаткан Асамудинов Молдо Надыр дамылла казыяттын «Ардак Грамотасы» менен сыйланса, Гулмуратов Саибназар ажыга  «Ыраазычылык ьаракчасы» тапшырылды.