Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров эл агартуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров жалпы мамлекетибиздеги эл агартуучуларды жана ошону менен бирге диний окуу жайлардын окутуучуларын куттуктады.

Ардактуу эл агартуучулар!

Мугалим деген сөздүн төркүнүнө бир аз токтолуп өтө турган болсом, муаллим  (معلم)-деген араб сөзү болуп —үйрөтүүчү – деген маанини түшүндүрөт. Биз ошол маанисин жоготпой эле мугалим деп колдонуп келебиз.  Биринчи мугалим сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (С.А.В.). Азыркы күндөгү эже-агайларыбыз баары пайгамбарыбыздын жолун жолдоочулар. Пайгамбарыбыздан кайсыл адам жакшы адам экендиги тууралуу суралганда:-“Элге көбүрөөк пайдасы тийген адам” деп жооп берген.

Мына өлкөбүздөгү катардагы жарандан баштап президентке чейин сиздердин татыктуу тарбияңыздарды алып, сабаттуулугун жоюп, мамлекетке кызмат кылып келе жатышат. Мен биринчиден   өзүмдү тарбиялап, насааттарын айткан эже-агайларымды жана жалпы эле өз кесибин ардактап-сүйүп, талыкпай эмгектенип келе жаткан өлкөбүздүн аймагындагы бардык мугалимдерибиздин кесиптик майрамдары менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, өлкөбүз үчүн ак дилден кызмат кыла турган татыктуу уу-кыздарды тарбиялай беришиңиздерди каалайм.