Манас районуну баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев: Жаштарыбыз бош убактысын текке кетирбей, ден соолуктарын чыңдап спорт менен алектенсин

Талас облусуна караштуу Манас районунда жайгашкан Үч – Коргон айылында заманбап, бардык талаптарга жооп берген кичи футбол аянтчасы курулуп, анын ачылыш аземи өткөрүлдү.

Ачылыш аземине Үч — Коргон айылынын башчысы Мелис Акматов, Манас районуну баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев, айыл аксакалдары жана тургундары катышышты. 

Футбол аянтчасы жергиликтүү жаштардын жана ишкер айым Базилова Уулкан тарабынан ишке ашырылган. Жалпы курулуш ишине 3200000 сом сарпталды.

“Айылдын жашоочулары жана келечектеги спортчулар үчүн курулган аянтчабыз элибизге жакшылык алып келген, берекелүү, жемиштүү болсун. Жаштарыбыз бош убактысын текке кетирбей, ден соолуктарын чыңдап спорт менен алектенсин”,-Миржалал ажы Дадабаев.