Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров кыргыз элине кайрылуу жасады

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын!

Ассалааму алайкум ва рохматуллоохи ва баракаатух! Урматтуу   мекендештер!  Ала-Тоону жердеген касиеттүү кыргыз калкым!

Ислам дини  тынчтыктын дини. Динибиз ар дайым ынтымака, биримдике, тынчтыка чакырып, талап-тоноо, зулумдук, бузукучулуктан кайтарат.  Алла Таала кереметтүү Куран аяттарында мындайча баяндайт: “Бири-бириңерге жакшылыкта, такыбачылыкта жардам бергиле жана күнөө иштерде, душмандык кылууда жардам бербегиле”-деген.

Пайгамбарыбыз (С.А.В.) мусулмандын каны, мал-мүлкү, ар-намысы экинчи бир мусулманга арам экендигин куттуу  хадистеринде баса белгилеп айткан.  

Ошондой эле башка бир хадисинде: “Зыян берүүгө жана зыянга зыян менен жооп берүүгө болбойт”-деген.  Демек бирөөгө зыян бермек турсун, сизге зыян кылган адамга да зыян берүүдөн тыйган кандай гана кереметтүү динибиз. Оо адамзаттын асылы болгон пайгамбардын үммөттөрү, оо улуу Манас атанын урпактары, мамлекет жана анын мүлкү биздики, мамлекетти көздүн карегиндей сактоо ар бир жарандын ыйык милдети. Улутка, урууга, регионго бөлүнбөстөн, ынтымак менен бир муштумдай түйүлүп, мамлекеттин жана жеке жарандардын мүлкүн, укугун, тынчтыгын сактайлы.

Жараткандан элибизге тынчтык, ынтымак, биримдик, жетекчилерге калыстык сурайбыз. Мамлекетибиз уруш-жаңжал, кан төгүлүү, бөлүнүп жарылуудан  оолак болсун! Аамиин!