Аллах Таала сабыр кылуучуларды сүйөт,-Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев калаа тургундарына кайрылуу жасады

Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев учурдагы кырдаалга карата элди тынчтыкка, биримдүүлүккө жана ынтымака чакырып, Кыргыз элине кайрылуу жасады.

Ассаламу алейкум урматтуу мекендештер, бир тууган момун мусулмандар!

Ислам дини тынчтык, биримдик жана тартипке баш ийүүнүн дини болуп саналат. “Ислам” деген сөздүн сөздүктөгү мааниси да -тынчтык жана баш ийүү деген маанини билдирет. Ал эми “Мусулман”-деген сөз да – тынчтыкты сактоочу, баш ийүүчү деген маанини билдирет.

Андыктан жалпыңыздарга кайрылып айтаарым жана өтүнөөрүм бүгүнкү күндө жалпы эли-жерибиздин бүтүндүгү, ынтымагы жана тынчтыгы үчүн өзүбүздүн мусулманчылыгыбызды көрсөтүп, өз салымыбызды кошолу. Элибизде, жерибизде тынчтык амандык болсун.

Өлкөбүздө болуп жаткан, анын ичинде ордо калаабызда орун алган саясий окуялар жана баш аламандыктар  албетте дин кызматкери катары бизди да тынчсыздандырбай койбойт. Бардык, мусулман бир туугандарымды ар кандай чагымчылдыкка, кызуу кандуулукка алдырбоого, мүмкүн болушунча сабырдуулукка чакырып кетем.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) өзүнүн ыйык хадисинде мындай деп айткан: “Сабырдын үч түрү бар. Алар: биринчиси- күнөөлөрдөн качып, сабыр кылуу, күнөөнү жасабай коюу- бул сабыр “Таквачылык” деп аталат.  Экинчи сабыр : Ибадат кылууда сабыр- бул мусулмандын даражасын көтөрөт. Ал эми үчүнчү сабыр- ар кандай кыйынчылык, балээлер келгенде сабыр кылуу. Бул үчүнчү сабыр кишини Аллах Таалага сүйдүрө турган сабыр”

Келиңиздер урматтуу бир туугандар!

Жалпы өлкөбүздө орун алган кыйын кезең учурда, ушундай караан күндө  сабырдуулук  кылып Аллах Тааланын сүйүүсүнө ээ бололу. Анткени Аллах Таала Куранда Али Имран сүрөөсүнүн 146-аятында  “Аллах Таала Сабыр кылуучуларды сүйөт” деп ачык айткан.  

Аллах Таала баарыбызга сабыр жана ынтымак насип эткен болсун!

Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев