Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев: Мекенибиздин биринчи байлыгы өлкөбүздүн тынчтыгы

Бүгүн, 7-октябрда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев жалпы Кыргыз элине кайрылуу жасап, элди сабырдуулукка, ынтымакка чакырды.

Мекенибиздин биринчи байлыгы өлкөбүздүн тынчтыгы, бейпилдиги жана элибиздин ынтымагы.

Мээримдүү жана ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис саламга Аллахтын саламы жана салаваттар болсун.

Урматтуу элим, мусулман бир туугандарым азыр болуп кырдаалды биздин ата бабаларыбызда көргөн. Мындай учурда биримдик, ынтымак, сабырдуулук менен жеңип келишкен.

Аллах Таала ыйык Курани керимде: «Чыныгы момундар бири-бири менен бир тууган» деген. Ошондуктан биз баарыбыз Аллага ыйман келтиргенбиз, пайгамбарыбызга, акырет күнүнө, өлгөндөн кийин кайта тигилүүгө, бейиш тозокко жана мындан башка ыйман келтирүү милдет болгон нерселерге толугу менен ишенип ыйман келтиргенден кийин биз момундар деп эсептелебиз. Ал эми момундар бири-бири менен болгон мамиледе бир туугандай болушубуз керек. 

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад алайхи салам кеңири өз хадистеринде баяндап мындай деген : Момундардын бири — бири менен болгон сүйүүсү жана боорукерлиги бир дене сыяктуу деген, эгер ал дененин бир мүчөсү оруса ага кошулуп баардык дене мүчөсү ысытмага окшоп, уктабай уйкусуздук менен түн өткөрөт.

Ошондуктан айрыкча өлкөбүздө ушундай күндө биз момундук, мусулмандык жана бир туугандык мамилебизди көрсөтүүбүз керек. Эң негизгиси биздин мекенибиздин байлыгы болгон эң кымбат табылгыс бул өлкөбүздүн тынчтыгы, бейпилдиги, жана элибиздин ынтымагы. Андыктан биз ошол байлыгыбызды кадырлап сактап калышыбыз керек.

Өлкөбүздүн туруктуулугу жана анын бейпилдиги үчүн ар бирибиз жаран жана мусулман катары салымыбыз кошубуз керек. Ал салымыбыз дегени адамгерчилик сапаттарын жоготпой, бири — бирибиз менен боорукер, күйүмдүү, кечиримдүү жана сабырдуу аркылуу ишке ашат.

Ошондуктан Талас облус казыяты жалпы кыргызстандыктарды сабырдуу, боорукер болууга, адамгерчиликти сактап чектен чыкпай, ынтымакта болуп өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактап калышыбызга баарыбыз салымыбызды кошолу.

Талас облусунун мусулмандардын казысы Бапиев Таалай ажы