Убайдулла ажы Сарыбаев: Жакшылыка себепчи болуу, аны жасаган менен барабар


Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Үмүт жарыгы» коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте бир топ иш-чараларды өткөрүп келет. Мындан улам шаар казысы фонддун элге жасаган сооп иштерин эске алып ыраазычылык баракча менен сыйлады.

«Муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн бай болуу шарт эмес. «Тамчы тамчы биригип көл болот» демекчи элге кол сунуп бир катар кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп келет. Бул иштин башында турган «Үмүт жарыгы» коомдук кайрымдуулук фондуна  терең ыраазычылык билдирем. Анткени жакшылыкка себепкер болуу, аны жасаган менен барабар», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Айта кетсек, «Үмүт жарыгы» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Абдиманап уулу Али Мухаммед көптөгөн жардамдарды уюштуруп, элдин аманатын элге жеткирип келүүдө.