«Үмүт жарыгы» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан 50 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

 
Ош шаарындагы борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде «Үмүт жарыгы» коомдук кайрымдуулук фонду Ош шаардык мусулмандар казыяты менен биргеликте кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү.  

«Элдин аманатын элге жеткирүү милдетин Аллах Таала бизге насип кылган экен. Мына бүгүн колдон келишинче жардам көрсөтүп жатабыз. Берешен болгон мусулман бир туугандардан Аллах ыраазы болсун»,- деди фонддун мүчөсү Жунушбек уулу Жоламан 

Айта кетсек, ар бир жардам баштыкчасы үчүн 450 сом сарпталып, жалпы кеткен чыгымдар 24 000 сомду  түздү.