Ысык-Көл облусунда Жараткандан амандык, тынчтык тилеп, дуа кылынды

9-октябрь жума күнү Ысык-Көл облусунун жалпы жума окулуучу мечиттеринде  элибиздин амандыгын, тынчтыгын, мамлекетибиздин жаркын келечегин сурап, ар кандай балээ, кырсыктан алыс болушун Жараткандан тилеп, дуба кылынды.

Учурда мамлекетибизде болуп жаткан саясий кырдаал ойлондурбай койбойт. Бул дагы Жараткандын сыноосу. Себеби өзүбүздүн амалдарыбызга жараша ушундай абал болуп жатат. Ар бирибиз өзүбүздү оңдойлу. Ачууга, азгырыка алдырбастан сабырдуу болуп, ынтымакта, биримдикте, мамлекетибиздин эртеңин ойлойлу”,- деди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.

Кеңиричиликте да, жетишсиздикте да Аллах жолунда сарптагандар, ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор- булар, такыбалар. Аллах Таала жакшылык кылуучуларды сүйөт. (Аль Имран: 134)

Ачуулануу, шайтандын азгыруусу менен адамдын өзүн-өзү жоготуусу. Учурдагы абал, кырдаал убактылуу. Бүгүн кандайдыр бир кыйынчылык болсо, эртен башка күн келет. Эртеңки келе турган күндүн жакшылыгына болгон үмүтсүздүктү таштоону кошумчалады облус казысы.