Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев элди ынтымакка жана биримдүүлүккө чакырды

Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев жума намазына келген жарандарга өлкөбүздөгү кырдаалга байланыштуу сабырдуулукка, мамлекеттин бүтүндүгүн баса белгилеген баяндамасын жасады.

Кечээ, 9-октябрь күнү Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Мамбетасан Ибраев Нарын шаарындагы борбордук “Азирети Али” мечитинде  өлкөбүздөгү кырдаалга байланыштуу жума намазына келген жарандарга тынчтыкты сактоо керектигин, ар кандай чагымчылдыкка алдырбай өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактоо маанилүү экендигин, элди ынтымакка, биримдикке чакырган баяндамасын жасады.

“Ар бир нерсенин жоопкерчили бар эмеспи. Кандайдар бир акыл калчоодо ойлонуп иш кылалы. Учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын  Дин  Башкармалыгы  бардык жарандарды тартипти сактоого чакырат. Азыр биз  оор мезгилди баштан өткөрүп жатабыз. Ушул оор мезгилде биздин өлкө үчүн дагы, биздин ар бирибиз үчүн дагы бир дагы жаран кайдыгер кала албайт. Азыркы учурда   кырдаалды турукташтыруу үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүүбүз  зарыл. Бардыгынан сабырдуулукту жана өз жарандарына жана бир туугандарына урмат көрсөтүүнү, жакындарыбыздын тынчтыгын жана бейпилдигин сактоого жана коргоого чакырабыз.   

Бүгүнкү күндө  дүйнө жүзүнө каптап турган коронавирус дагы бүтө элек. Кайрадан күчөп кетүү коркунучу турат. Ылаңды алдын алуу, сактануу максатында, эл көп чогулган жерлерде санитардык талаптарды аткарып, ден соолугубузга кам көрөлү. Мамлекетибизде тынчтык болушуна, элибиздин дени сак болушуна ар бирибиздин жоопкерчилигибиз урматтуу бир туугандар”,-деди Мамбетасан Ибраев.

Мындан тышкары учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын  Дин  Башкармалыгы  тарабынан келген жума хубасы ар бир мечитке келген жарандарга окулуп,  келген адамдарды ынтымакка, сабырдуулукка, биримдикке чакырган жума баяндары өтүлдү. Ошондой эле элибиздин амандыгы, ынтымагы,  жерибиздин бүтүндүгү үчүн дубалар кылынды.