ФОТО-Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев митингде жаракат алып, ооруканада дарыланып жаткан милиция кызматкерлеринен кабар алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 10-октябрь күнү Бишкектеги митингде жаракат алып, республикалык ооруканада дарыланып жаткан милиция кызматкерлеринен кабар алды.  

Жолугушууда Азирети Муфтий Жараткан Алла Тааладан жаракат алган бардык милиция кызматкерлеринин тез сакайып кетүүлөрү үчүн жана мындан ары мекенибизде тынчтык, элибизде бейкутчулук, бүткүл ааламда ар кандай апааттардын болбоосу үчүн дуба кылды.

«Жараткан Алла Таалам шыпаа берип, тез сакайыңыздар. Өлкөбүздө ынтымак менен биримдик болуп, эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун»,-деди өз сөзүндө Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев дарыланып жаткан милиция кызматкерлерине дары-дармек жаатында кандайдыр бир жардам керек болсо,  көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.